Кесип жана тармак түшүнүгү, билим жана жөндөмдүүлүк анализи:

Инженерлер ; иш чөйрөсүндө жумушунан баштап жетекчилер же болбосо инженер менен техниктер арасында техниктен да жогору теориялык билимге инженерден да жогору тажрыйба жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон инженерлер. Бул касиетке ээ болгон кадрлар кээ бир чакан жана орто өлчөмдөгү ишканаларда лидерлик жана башкаруучулук ролун аткара алышат.

Теориялык жана практикалык билимге ээ болгондон кийин бүтүрүүчүлөрүбүз;

  • проект түзүү, көзөмөлдөө тажрыйбаларын жүргүзүү жана техникалык билимдерине таянып архитектор жана инженерлерге жардам көрсөтүп, сунуш берүү;
  • жер аянтарын көлөмүн өлчөө,
  • куруу иштерин башкара алуу;
  • сапат, стандарттар жана курулуш материалдар менен башкаруу жана эксперименттөө;
  • ремонт жана реконструкция иштерин жүргүзүү
  • куруу иштери боюнча ар кандай кооперативдеринде координатор жана жетекчи болуп иштөө;
  • компьютердик долбоор иштерин ишке ашыруу

Курулуш техникалары:

Kурулуш техникалары; суу сактагыч, жол, аэропорт/аба майданы, турак-жай жана башка конструкция курулуштарда активдүү иш аткарган, текшерүү кызматын аткарган фирмалар менен мамлекеттик же болбосо жергиликтүү жетекчиликтин табыгый булак, жол курулуштары/автомобиль жолу, курулуш бөлүмдөрү жана материалдарды сыноо/текшерүү(анализ чыгаруу) лабораториясында техникалык кызматкерлер иштеген кесиптик топ уюштуруулууда. Автомобиль жолу, көпүрө, суу сактагыч, аэропорт, суу жөнөтүү/ таратуу системалары жана турак жайлардан соода борборлоруна чейин баардык курулуштарды пландоо, проект, курулуш жана көзөмөлдөө стадияларында техникалык персоналдар маанилүү роль ойноп жатат.

Бул байланышта курулуш техникалары курулуштарга байланышкан архтектуралык жана статистикалык проектилерди даярдоодо керек болгон чийүүлөр кол менен да пакет программаларынын жардамында да компьютер аркылуу чийе алат, курулуш материалдарына багыталган сыноо тестери, экипировка жана  техникалык билим жана жөндөмдүүлүгүн колдонуп жасай алат жана ага байланыштуу болгон отчетторду толук даярдап, жыйынтыктарды баалай алышат.

Курулуш аянтынын топографиялык түзүлүшүн чыгарып, баа берүү (баалоо); автомобиль жолунун коду жана багыттарын беките ала турган шартта ченөөчү куралдарды колдоно ала турган билимге жана жөндөмгө ээ болушу керек.

Бүтүрүүчүлөрүбүздүн курулушка байланыштуу метраж жана ачылыш жасалган иштерин аткарып акт түзүү, курулуш аянтында иш пландарынын даярдалышы, курулуштарды коопсуз жана проектисине ылайык кылып жасалышы жана башка инженердик технологиясына байланыштуу иштер үчүн жеткиликтүү теориялык жана практикалык билим деңгээлин ээ болушу күтүлүүдө.

Курулуш техниги; өзүнүн ишканасын куруп иштете ала тургандай бир ишенимде ишенич сезимине ээ болгон; проект, структура, камсыздоо бөлүмү, салык жана ден-соолук мекемелери менен байланыштуу мыйзамдарды билген жана керектүү бюрократиялык процесстерди жасай ала турган билимге жана жөндөмгө ээ болуусу керек.

Адилетүүлүк жана тартипте , көз карандысыз иштөө жана чечим чыгаруу жөндөмүнө ээ болуу курулуш техниктери үчүн маанилүү өзгөчөлүктөр болуп саналат. Ошол эле мезгилде иш чөйрөсүндө профессионалдуу адис болуу менен бирге элдер менен да байланыш кура ала тургандай сапаттарга ээ болушу керек.

Калктын көбөйүшү жана өнүккөн технология, жогорку деңгээлдеги байланыш түйүндөрү , суу булактары, жолдордун оңдоолушу же болбосо жаңыдан курулушу, көпүрөлөр жана башка курулуштардын проектиси жана курулушунда, андан да көп сандагы жана сапатту курулуш техникаларына болгон муктаждыкты бирге алып келет.

Программанын максаты:

Курулуш секторунда керек болгон учурда болгон күчү менен иштеген, инженер, архитектор жана тажрыйбалуу кызматкерлер менен тыгыз мамиле кура билген, сапаттуу кадрларды жетиштирүү. Стунеттерибизге теориялык билим берүү менен бирге эле практикалык тажрыйбалар менен камсыз кылуу.

Ишке орношу мүмкүнчүлүктөрү

Биздин бүтүрүүчүлөр теориялык билимдерди жана практикалык жөндөмдөрдү алгандан кийин төмөнкү артыкчылыктарга ээ болушат:

  • проект түзүү, көзөмөлдөө тажрыйбаларын жүргүзүү жана техникалык билимдерине таянып архитектор жана инженерлерге жардам көрсөтүп, сунуш берүү;
  • жер аянтарын көлөмүн өлчөө,
  • куруу иштерин башкара алуу;
  • сапат, стандарттар жана курулуш материалдар менен башкаруу жана эксперименттөө;
  • ремонт жана реконструкция иштерин жүргүзүү;
  • куруу иштери боюнча ар кандай кооперативдеринде координатор жана жетекчи болуп иштөө;
  • компьютердик долбоор иштерин ишке ашыруу